Азиз Мурадиллаевдин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда өткөн маалымат жыйында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, Мурадиллаевге донор изделип жатат.
«Азыр ал реанимацияда. Мен Садыр Жапаровго кайрылам. Аны Орусиянын же Түркиянын ооруканасына алып баруу үчүн атайын борт берүүңүздү суранам. Дагы бир көйгөй донор маселеси. Бизге донор керек. Апасы донор болууга макул болгон, бирок дарыгерлер жашын эсепке алып каршы болушту. Орусиядан 26 жаштагы кыргыз кызы чалып, донор болууга макул экенин билдирди, бирок кандын тобу экөөнүкү эки бөлөк болуп чыкты»,- деди Молдокматова.