• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акунова: Караколдо рентген аппарат муктаж болгондордун баарын тейлей албай жатат

12 Теке 2020 17:10 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын кургак учук диспансериндеги томограф аппартаты кургак учук менен жабыркаган бейтаптарды гана тарта алат. Бул тууралуу бүгүн, 12 июлда Каракол шаарынын кургак учук диспансеринин директору Жаңыл Акунова билдирди.

Анын айтымында, аталган аппараттын рентгенге тиешеси бар жагы иштебей томография кылууга эле мүмкүнчүлүгү бар жана аппаратын кубаттуулугу төмөн болгондуктан баардык муктаж болгондорду тейлей албайт.

“Бул эски 1967 жылкы, рентген томограф. Бирок ушул сыяктуу аппарат Ысык-Көл облусу боюнча жок. Ошондуктан оңдотуп колдонуп жүрөбүз. Бул аппараттын кубаттуулугуна карап бир гана кургак учук менен жабыркаган адамдарды гана тейлейбиз. Башка бейтаптарды тартканга болбойт. Аталган аппаратты турган жеринен козгосок кийин иштебей калышы мүмкүн. Имаратыбыз авариялык абалда болгондуктан, оңдоп туздө иштерине каражат бөлдүрүү дагы болбойт”, — деп билдирген ал.

Кошумчалай кетсек, аталган диспансерде, кургак учук оорусу менен стационарда 35 бейтап бар.

Количество просмотров: 144