• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Дарыгер Назира Бейшебаева үй камагына чыкты

20 Бирдин айы 202610:39 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда эне жана бала Улуттук борборунун нефрологу, 18-февралда кармалган дарыгер Назира Бейшебаванын бөгөт чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарды.

Бишкек шаардык милициясы дарыгерге каршы Кылмыш-Жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгогон.

Буга Бишкектин тургуну Зульфия Стамкулованын жазган арызы негиз болгон. Анда Стамкулова 2024-жылы дарыгер Бейшебаева кызын туура эмес дарылагандыктан, өспүрүм бир бутунан тизесине чейин ажыраганын белгилеген.

Количество просмотров: 145