• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акылбек Жамангулов, депутат: “Эмне үчүн “Мегакомдун” директору 700-800 миң, мугалимдер 7-8 миң маяна алат?”

29 Бугу 2018 14:06 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 29.05. 2018. Govori.TV
“Телеком” ишканасынын директору 100 миң сом айлык алса, “Мегакомдун” директорунун айлыгы 700-800 миң доллардын тегерегинде экен”. Бул сөздү ЖКнын эл аралык комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жамангулов айтты.
«Кыргызтелекомдун» азыркы абалын билесиздер. Бир жума мурун директорунун айлыгы канча экенин сурадым. Оор шартта турган телекомдун директорунун айлыгы 100 миң сом экен. Ушул темпте кетсе, эки жылдан кийин телекомду жабууга туура келет. Бирок жаппай, иштетип кетүү керек. Анткени телекомдун материалдык базасы өтө жакшы. Ал эми «Мегакомдун» директорунун айлыгы 300 миң сом болсо, жалпы кошумчаларды кошкондо колуна 10 миң доллардын тегерегинде каражат алат экен. Ошондуктан эмне себептен мынчалык көлөмдө айлык алып жатышканын жана «Мегакомду» сатуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканын суроо үчүн комитетке келүүсүн сунуштайм», — деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Govori.TV маалымат агенттигине эмне үчүн топ-менеджерлердин айлык маянасына кызыгып жатканына түшүндүрмө берди. Анын пикиринде, мамлекеттик ишканалардын айлык маяналары кайсыл эсептерге, жүйөлөргө менен эсептелип чыкканын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Каржы министрлиги тарабынан кайрадан каралышы кажет.
“Өкмөт канча жылдан бери дефицит менен келе жатат. Бюджетте акча жок дейбиз. Ошол эле маалда элдин чөнтөгүнөн чогулган акчадан мамлекеттик айрым компаниялар өздөрүнө бейиш жасап алышкан. Эмне үчүн “Мегакомдун” башчысы, кайсыл кара жанын карч урган эмгеги менен 700-800 миң айлык алышы керек да, эртеден кечке мектепте иштеген мугалимдер, адам өмүрү менен алек болгон врачтар 7-8 миң сом айлык алышы керек. Өкмөт кызматчыларды кыскартуудан мурун алардын айлыктарын кандай эсептээрин элге ачык көрсөтүшүн суранып жатам”,-деди Акылбек Жамангулов.
Эске сала кетсек, акыркы үч жылдан бери Өкмөт “Альфа Телеком” ишканасын(Мегаком)  сатууга кам уруп, бирок, кардар чыкпай, баасы төмөндөп келет. Ошол эле маалда ал “Кумтөрдөн” кийинки эле кирешелүү ишкана экени айтылат.

 

Количество просмотров: 17