• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акыйкатчы Абдрахматова окуучуларга жол кирени бекер кылууну сунуштады

4 Чын куран 2022 18:41 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Бишкек шаардык кенешинин депутаттарын жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигин окуучулар таранспортто жүрүүгө акысыз же жеңилдетилген тарифтин механизмдерин иштеп чыгууну суранды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институтуна ата-энелер айдоочулардын орой жана кээде балдар үчүн кооптуу жүрүм-турумуна, кошуна айылдардагы мектепке барууга аргасыз болгон балдар үчүн транспорттун жоктугуна жана жол кире акысынын кымбаттыгын (Бишкекте) айтып даттанышкан.

«Менин оюмча, азыркы жол кире тарифтеринде калктын социалдык жактан аялуу катмарынын, атап айтканда, жалгыз бой энелердин, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, жетим балдардын материалдык абалы эске алынган эмес. Анткени, Бишкек шаарында эле 904 үй-бүлө “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышат. Бул жөлөк пул ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн кирешеси 1000 сомдон ашпаган үй-бүлөлөргө тиешелүү. Аталган үй-бүлөлөрдө 2 905 бала бар. Кээ бир ата-энелер балдарын бакканга акчасы жок, балдары мектепке жөө келип, кечигип же такыр эле сабакка барбай калганын жазышууда. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө бир нече окуучу балдар коомдук транспортту колдонот. Учурдагы тариф үй-бүлөлүк бюджетке оор келет», – деп белгилейт КР Акыйкатчысы.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктуу органдарын, балдардын билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо маселелерин тез арада карап чыгууга жана оңунан чечүүгө чакырып, Министрлер Кабинетин төмөнкү талаптарды чечүүнү суранган.

1) бүткүл республика боюнча мектеп жашындагы балдардын транспортто акысыз жүрүүсүн камсыз кылуу;

2) ташууларды уюштуруунун деңгээлин жогорулатуу, балдар-жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана кызыкчылыктарын коргоо максатында менчигинин түрүнө карабастан коомдук транспорттун айдоочуларынын жүрүм-турумунун стандарттарын бекитүү;

3) муниципалдык жана коомдук транспорттун айдоочуларына жүргүнчүлөргө, өзгөчө балдарга, кандай мамиле кылуу керектиги боюнча окууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү;

4) айдоочулардын жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин, жүрүм-турум (мамиле) стандарттарын сактоосуна туруктуу мониторингди жана контролду камсыз кылуу;

5) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, калктуу конуштардын чектеринде айдоо ылдамдыгын чектөөгө көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда күндүзгү жалпы билим берүү мекемелеринде 1 407 592 окуучу окуса, анын 201 755и Бишкек шаарында, 76 092си Ош шаарында окушат. 2021-жылдын 1-ноябрынан тарта Бишкектин коомдук транспортторундагы жол кире 15 сомго чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда мектеп окуучуларынын жүрүү билети айына (автобус, троллейбус) 240 сом турат.

Количество просмотров: 1160