Бишкек шаарында коомдук транспорт тармагында айдоочулар тартыштыгы бар. Штат боюнча 3200 айдоочу каралганы менен учурда эки миң алты жүзү гана иштеп, 500–600 айдоочулар жетишсиз.
Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлү Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, айдоочулардын тарифтик ставкасы жогорулатылып, айлык маянасы да өсүүдө. Мындан тышкары, жол кирени накталай эмес төлөө ыкмасы кеңири жайылып, учурда анын үлүшү 80%га жетти.