• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыйкатчы камакта жаткан 4 өспүрүмдүн укугу бузулганын билдирди

12 Тогуздун айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сот жана прокуратура органдарын улуттук мыйзамдарга ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек өспүрүмдү камакта калтырган. Алар КР Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 2-пунктуна («Бейбаштык») ылайык, азыраак оор кылмышка шектелип жатышкан.

Ошол эле маалда Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери белгилегендей, өспүрүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн соттор уккан эмес. Бул жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдердин бузулушу болуп саналат.

Мындан тышкары, судья Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн шектелип жаткан өспүрүмдөрдү камактан бошотуп жана ата-энелеринин жоопкерчилигине берүү зарылдыгы жөнүндө жүйөөлөрүн көңүлгө алган эмес.

Ошондой эле сот Жогорку соттун пленумунун соттор тарабынан жашы жете электерди өзгөчө оор учурларда гана камакка алуу жана баш коргоо чарасын кабыл алуунун негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын соттордун колдонуу практикасы жөнүндө токтомун эске алган эмес. Жашы жете электер үчүн өзгөчө учур болуп өтө оор кылмыш жасоого шектелүү, буга чейин кабыл алынган баш коргоо чарасынын шарттарын бузуу, ошондой эле шектүү тарап сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон качып жүргөн жагдайлар эсептелет.

Акыйкатчы КРнын укук коргоо жана сот органдарын жашы жете элек балдардын кылмыш иштерин иликтөөдө жана сотко жөнөтүүдө Ювеналдык юстициянын мыйзамдарынын, Жогорку соттун пленумдарын жана КРнын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын бекем сактоого чакырат.

Жашы жете балдарды камакка алуу маселесин кароодо укуктардын төмөнкү улуттук жана эл аралык ченемдери сот тарабынан көңүлгө алынган эмес. КР Баш мыйзамында эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер КР укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелээри каралган.

БУУнун жашы жете электерге карата сотко жөнөтүүгө байланыштуу резолюциясында «жашы жете элек өспүрүм башка тиешелүү чаралар болгон учурларды кошпогондо абакка камалбашы керек» негизги жетектөөчү принциптеринин бири чагылдырылган.

Ошол эле маалда Пекин эрежелеринде соттук териштирүү жашы жете элек өспүрүмдүн кызыкчылыгына жооп бериши керек жана өспүрүмдүн көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү түшүнүү атмосферасында болушу керектиги каралган.

Количество просмотров: 79