Кадамжай районунда 16 жаштагы өспүрүм жайлоого бара жатып мотоциклден кулап каза болду. Бул факты боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, өспүрүмдүн каза болгондугу тууралуу маалымат Кадамжай РИИБге 28-майда келип түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм А.А. мал жаюу үчүн Көк-Жалан жайлоосуна багыт алган. Сапар учурунда ал жакында эле сатып алган Enduro спорттук мотоциклин башкара албай кулап түшкөн. Алган оор жаракаттарынан улам өспүрүм ооруканага жетпей, тез жардам унаасында каза болгон.
Кырсык Чаувай жайлоосунда болгон. Кырсыктын жана өлүмдүн так себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды. Учурда Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тергөөгө чейинки текшерүүнү улантууда.