• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыйкатчы Таластагы убактылуу кармоочу жайдын шарты менен таанышты

6 Бештин айы 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Талас облусундагы убактылуу кармоочу жайга кармалгандардын шарты менен таанышуу үчүн барды.

Маалыматка ылайык, 32 адамды кармоого ылайыкташкан убактылуу кармоочу жайга барган кезде анда 19 шектүү бар экен. Убактылуу кармоочу жай ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) короосунда, бирок өзүнчө имаратта жайгашкан.

Акыйкатчы камераларга тандап кирип жана кармалгандар менен маектешти. Башкы укук коргоочуну ИИБдин башчысы коштоп жүрдү.

Ошондой эле акыйкатчыга кармалгандарды сейилге алып чыга турган жайды көрсөтүштү.

ИИБдин башчысы Азенбек Козукеев Талас облусунда тергөө абагы жок экенин, ошондуктан айыпталуучулар убактылуу кармоочу жайда кармалышаарын белгиледи.

Акыйкатчы министрлер кабинетин Талас облусуна камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырат.

Количество просмотров: 61