Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бишкек шаарынын ИИББине караштуу атайын кабыл алуучу жайда мониторинг жасаган.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, мекеменин 24 убактылуу кармоо жайынын камерасында 53 эркек жана 3 аял кармалып турган.
Текшерүү учурунда акыйкатчы кармалгандар менен баарлашып, алар санитардык-гигиеналык шарттардын жоктугуна даттанышкан. Алардын айтымында, санитардык түйүндөр тазаланбай, камераларда жагымсыз жыт сакталууда. Ошондой эле кармалгандарга самын жана даарат кагазы берилбей жатканы айтылды.
Жамиля Жаманбаева мекеме жетекчисине камераларды өз убагында тазалоону жана кармалгандарды керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыздоону сунуштады.
Ал мындай шарттар адам укуктарынын бузулушуна түздөн-түз коркунуч жаратарын белгиледи. Ошондой эле мажбурлоо чаралары адамдык кадыр-баркты басмырлоо же катаал мамиле менен коштолбошу керектигин кошумчалады.
Акыйкатчы улуттук превентивдик механизм мындан ары да мындай жайларда туруктуу мониторинг жүргүзөрүн, мыйзам бузуулар жоюлбаса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.