• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыйкатчы өз милдетин кандай аткарууда?

19 Чын куран 202317:04 Бишкек Govori.TV

КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова бир жылда кандай иштер аткарылганы тууралуу маалымат берип, белгиленген жумуштун 70% аткарылганын билдирген. Абдрахматова өз сөзүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.

Ал эми депутаттар Акыткачынын ишине кандай баа берет, төмөндөн көрүүгө болот.

Бул арада Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотууну сунуштады. Аталган фракция бул сунушуна эмне себеп болгонун тактаган жок.

Парламент жыйынында Абдрахматова соңку бир жылдын ичиндеги адам укуктарынын абалы, бул жаатта аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Анын негизинде парламентте чечим кабыл алууда талаш-талкуу чыкты.

Атыр Абдрахматова бул кызматка 2022-жылы мартта шайланган.

Количество просмотров: 120