• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Исламабадда Кытай премьери менен жолугушту

16 Тогуздун айы 20248:41 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төагасы Акылбек Жапаров Пакистанга жумуш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинети кабарлады.

МинКаб башчысы эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, бул жылы болгон  «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлушу, андан кийин Бишкекте биргелешкен үч тараптуу компаниянын ачылышы, «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы, «Жунда» мунай кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши сымал негизги окуяларды санап өттү.

Акылбек Жапаров өз ара соода активдүү өнүгүп, көрсөткүчтөр өткөн жылдын жогорку деңгээлинде гана калбастан дээрлик 20 миллиард АКШ долларды көрсөткөнүн кошумчалады.

КЭР премьери Ли Цян эки өлкө ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, алдыга коюлган чоң максаттарга жетүү үчүн биргелешкен кадамдарды жасоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда МинКаб башчысы эки тараптуу мамиледеги жетишкендиктер менен кошо алдыда аткарууга зарыл болгон иштерге да токтолду. Алсак «Бедел» өткөрмө пунктунун потенциалын күчөтүү үчүн «Барскоон-Үчтурпан-Аксу» автожолун куруу, «Торугарт» «Эркечтам» өткөрмө пунктарынын ишин оптимизациялоо, жаңы аба коридорлорун ачуу сыяктуу долбоорлорго көңүл бурду.

Мындан тышкары МинКаб башчысы финансылык кызматташуу, анын ичинде банктар аралык кызматташтык, Кыргыз Республикасында Кытай банктарынын филиалдарын ачуу, мамлекеттик баалуу кагаздарды Кытайдын акча бирдигинде чыгарууга көмөктөшүү туурасында бир катар сунуш пикирлери менен бөлүштү.

Количество просмотров: 96