• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандан Кытайга биринчи жолу жүгөрү экспорттолду

19 Жалган куран 202612:18 Бишкек Govori.TV

Биринчи жолу Кыргызстандан Кытайга жүгөрү экспорттолуп, 16-мартта жүгөрүнүн алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Партиянын жалпы көлөмү 25 тоннаны түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

«Экспорт буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган жүгөрүгө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протоколдун алкагында ишке ашырылды. Бул документ эки өлкө ортосунда айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн укуктук негиз түзүп, эл аралык стандарттардын сакталышын камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ.

Количество просмотров: 152