• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акылбек Жапаров өлкө зергерлерин кесиптик майрамы менен куттутады

31 Үчтүн айы 2022 14:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкө зергерлерин кесиптик майрамы менен куттутады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Куттуктоонун тексти:

«Урматтуу зергерчилик тармагындагы өкүлдөр!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Зергерлер күнү менен куттуктайм!

2021-жылы республикабыздын өнүгүүсү үчүн зергерчилик тармагынын маанилүүлүгүн эске алып, 31-январь – Кыргыз Республикасынын зергерлеринин күнү деп бекитилген.

Ата мекендик зергерчилик өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана анын эл аралык деңгээлге чыгуусун камсыз кылуу максатында биргелешкен күч-аракет менен натыйжалуу боло турган зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Зергердин оор жана ошол эле учурда асыл эмгеги сулуулук жана кооздук тартуулоо болуп саналат.

Сиздерге чыгармачылык ийгилик, мындан ары да оригиналдуу идеялардын жарала беришин каалайм!

Ушул майрам күнү тармактын жалпы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, чың ден соолук жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!».

Количество просмотров: 64