• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров медиктерди куттуктады

2 Теке 2023 10:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу медицина кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Мамлекеттин эң негизги байлыгы — эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү күзөт кылып, жан чыдагыс ооруларга күбө болуп, кайратыңыздардан тайбай, эркиңиздерден жазбай чечкиндүүлүк менен адам өмүрү деп күрөшүп келе жатасыздар.

Сиздердин бейтаптардын дартына даба, өмүрүнө себепчи болуп, жашоого болгон үмүттөрүн жандырып келе жаткан эбегейиз эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Мамлекетибиз социалдык тармакты өнүктүрүү, жарандардын саламаттыгын чыңдоо, жашоо сапатын жакшыртуу жана өмүрүн узартууну өлкө саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын өзөгү катары карайт.

Акыркы жылдары республикалык бюджеттин жана ошондой эле эл аралык фонддордун, донорлордун эсебинен саламаттык сактоо тармагында иннновациялык долбоорлор ишке ашырылып, инфратүзүм да жакшыртылып жатканын белгилей кетүү керек.

Дарылоо ишин оптималдаштыруу үчүн дагы жаңы технологиялар, жаңы ыкмалар керек экени айкын. Электрондук саламаттык сактоону толук кандуу ишке киргизүү менен саламаттык сактоодогу көйгөйлөрдү чечүү алда канча жеңилдейт.

Саламаттык сактоо тармагынын инфратүзүмүн модернизациялоого, ошондой эле ооруканаларыбызды заманбап технологиялар менен жабдууга жана өлкөбүздүн кайсы бурчунда болбосун сапаттуу медицина кызматтарын көрсөтүүгө жетишүү үчүн медицина тармагына инвестиция салуу – башкы максатыбыз. Ошондо гана жалпы журтубуздун, айрыкча, алыскы аймактардагы элибиздин сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай алабыз.

Биз ооруларды алдын алуу ишин биринчи орунга коюу менен баштапкы медициналык санитардык жардам системасын маанилүү багыт деп билебиз. Бул багыт, албетте, тажрыйбалуу дасыккан медициналык адистерсиз натыйжа бере албайт.

Ардактуу саламаттык сактоо кызматкерлери, тизмектелип өткөн иш-чаралар сиздердин жардамыңыздар менен гана өз максатына жетет, сиздердин эмдүү, шыпаалуу колуңуздар менен мээримдүү мамилеңиздерди бир да медициналык шайман алмаштыра албайт. Андыктан, улут саламаттыгы сиздердин колуңуздарда. Ар бир дени сак мекендешибиз өз өлкөсүнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошот. Ошондуктан, өлкөнүн башкы каармандары – бул медиктер деп айтууга толук негиз бар.

Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү турмуш каалайм. Жакындарыңыздар менен бирге бакубат өмүр сүрүңүздөр. Элдин сак-саламаттыгы жаатындагы ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!

Дагы бир жолу майрамыныздар менен!”.

Количество просмотров: 98