• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

27 Тогуздун айы 2019 1:56 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн транспорт жана жол тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков куттуктоосунда жол жана транспорт — экономикада жана коомдук турмушта өтө маанилүү ролду ойной турганын, жол инфраструктурасын өнүктүрүү — өлкөнүн өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгилеген.

Аба ырайынын татаал шарттарында да жүргүнчүлөргө сапаттуу жана коопсуз кызмат көрсөтүүнү, экономикага зарыл жүктөрдү ташууну камсыз кылып келесиздер. Алдыда дагы көп иштер, анын ичинде ири долбоорлорду ишке ашырууга арналган милдеттер күтүп турат, — деп айтылат маалыматта.

Президент, андан сырткары, жолдорду оңдоп, алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө багытталган жаңы технологияларды киргизүү зарыл экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 85