• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Жалал-Абадда курулуп жаткан обьектилерди көрүп чыкты

26 Тогуздун айы 202418:12 Бишкек Govori.TV

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонундагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун ишке кириши менен таанышты.

Таштандыларды кайра иштетүүчү завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен 133 млн. сомго курулду. 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштандыны кайра иштетет. 

Андан соң Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы Ш.Абдраманов атындагы көчөнү реконструкциялоо менен таанышты. Жолдун узундугу 2,627 чакырым, туурасы 14 метр. Реконструкциялоо иштерине асфальт төшөө, түнкү жарыктандыруу жана лотокторду орнотуу, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол каралган. Ондоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 152,8 млн. сом. Толук бүткөрүү иштери жыл аягына пландалган. 

Ал ошондой эле оңдоо иштери жүрүп жаткан З.Жамашев атындагы көчөнүн иши менен таанышты. Мындагы жолдун узуну 2,539 чакырым, туурасы 9-14 метр. Реконструкциялоо иштерин жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган, ал республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө, жалпы сметалык баасы 183,5 млн. сом. 

Количество просмотров: 185