• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары кармалды

17 Чын куран 202611:26 Бишкек Govori.TV

 Жалал-Абад облустук милициясынын башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары К.К.И. жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн жарандан 2 миң АКШ долларын талап кылышкан. Кармоо операциясы ИИБдин имаратында, 170 миң сом алып жаткан учурда ишке ашты.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 253