• Ишенби 25 Бугу 2024
  • Суббота 25 Май 2024

“Акылман” президенттик лицейине каттоо башталды

22 Чын куран 2024 16:59 Бишкек Govori.TV

“Акылман” президенттик лицейинин 2024-2025-окуу жылына карата конкурстук тандоосу үчүн каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымына караганда, каттоо 22-апрелден 2-майга чейин уланат. Тандоо үч этаптан турат.

“Биринчи жана экинчи этапта тестирлөө онлайн түрүндө, ал эми үчүнчү этапта оффлайн форматта болот. Ага 3 категориядагы балдар катыша алат: томолой жетим, жарым жетимдер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Учурда бул тизмеге кире тургандар райондук билим берүү бөлүмдөрүндө такталып жатат. Азыркы тапта каалагандардын саны миңден ашкан”, — деди ал.

“Акылман” президенттик лицейинин директору Эмил Рыскулов сынакка өлкө боюнча 6-класстын окуучулары катыша аларын айтты.

«Бул интерактивдик жатак мектеп болгондуктан 1-класстан 6-класска чейин окутуу аябай чоң көйгөй жаратат. Баланын калыптануу процесси 7-класстан башталгандыктан 7-класстан 11-класска чейин эң ылайыктуу болот», — деди лицейдин жетекчиси.

Ал сынакка катышууну каалаган окуучулар математика, логикалык ой жүгүртүү, кыргыз, орус жана англис тилдери предметтери боюнча өз билимдерин сынап көрүшөрүн кошумчалады. Анын жыйындыгында лицейге 72 бала кабыл алынат.

«Бүгүнкү күндө лицейде 72 бала билим алып, 31 мугалим иштеп жатат. Лицей 240 орундуу. Учурда президенттик администрациянын иш башкармалыгы тарабынан кошумча объектилерди куруу боюнча жумуш жүрүп жатканы белгилүү болду. Келечекте лицей 360 орунга чейин кеңейтилет», — деп кошумчалады Рыскулов.

Количество просмотров: 94