• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акыркы суткада 110 адамдан COVID-19 илдети табылып, 3 бейтап каза болду

6 Бирдин айы 2022 12:16 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 56, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 341 адам илдеттен сакайып чыкты, 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 855 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 436 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 190 миң 709 киши айыгып чыкса, 2 миң 902 адам каза болду.

Количество просмотров: 70