• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды

23 Жетинин айы 2023 11:10 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Чүй облусунун Сокулук районундагы Чат-Көл айылында жалпы аянты 100 чарчы метр болгон сарай жана 300 арпа саман, 300 беде түк чөп толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарынын Казиева көчөсүндө кампанын 22 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 63