Кыргызстанда бир суткада 11 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
Чүй облусу — 3;
Ош облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 2;
Бишкек шаары — 1;
Баткен облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 1;
Талас облусу — 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.