• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акыркы суткада бир дагы медкызматкерден коронавирус аныкталган жок

2 Аяк оона 202011:55 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада бир дагы медкызматкерден коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медик айыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 496 медкызматкер айыгып чыкты», — дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.

Количество просмотров: 56