Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 28 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эртең мененки онлайн брифингде билдирди.
Бишкек шаарында — 10 бейтап;
Чүй облусунда — 2;
Ош шаарында — 1;
Ош облусунда — 1;
Ысык-Көл облусунда — 2;
Жалал-Абад облусунда — 9;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда — 2.
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1329 адамга жетти.