• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Акыркы суткада COVID-19га каршы 12 миң 515 адам эмдөөдөн өттү

25 Жетинин айы 2021 10:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 515 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 93 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 422 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 88 миң 287 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 871 миң 64 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 92