• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 270 адам эмдөөдөн өттү

5 Тогуздун айы 202110:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 270 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 437 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 833 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 839 миң 901 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 635 миң 491 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Количество просмотров: 93