Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жана пневмониядан 42 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматоваөкмөттөгү брифингде билдирди.
Бишкек шаарында — 9 бейтап;
Чүй облусунда — 9;
Ош шаарында — 9;
Ош облусунда — 3;
Ысык-Көл облусунда -4;
Баткен облусунда — 4;
Жалал-Абад облусунда — 1;
Талас облусунда – 3.
Кыргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1211 адамга жетти.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-июлда COVID-19 илдети жана пневмония боюнча статистика бириктирилгенин маалымдаган.