• Шаршемби 23 Аяк оона 2020

Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

7 сентября 2020 в 11:28 Бишкек Govori.TV

Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 61 адам каза тапкан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты.

Количество просмотров: 13