• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Акжол Махмудов Алматыдагы рейтингдик мелдеште алтын алды

3 Кулжа 2022 23:39 Бишкек Govori.TV

Балбан Акжол Махмудов Казакстанда өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.

Акжол Махмудов финалдык кармашта Акжол ирандык Пейман Поштамга каршы чыгып, 9:0 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин кыргыз балбаны түркиялык Бурхан Акбудак менен грузиялык Торнике Дзамашвилини жеңип алган.

Белгилей кетсек, мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп жатат.

Количество просмотров: 156