• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду

9 Чын куран 2023 19:30 Бишкек Govori.TV

Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты.

Финалда Махмудов ирандык балбан Амин Явар Кавиянинежад менен кармашмак. Бирок ирандык спортчу бутунун жаракатынан улам күрөшө албай турганын билдирип, алтын байге Акжолго берилди.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов 2018-жылы жана 2022-жылы өткөн Азия чемпионатында алтын байгеге татыган.

Белгилей кетсе, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Количество просмотров: 157