• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Акжол Махмудов беттеш алдында билдирүү жасады

27 Жалган куран 2023 15:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов орусиялык балбан Роман Власов менен боло турчу беттеш алдында билдирүү жасады.

«Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз тарыхый окуя болорун билем. Андыктан күрөшкө өтө жоопкерчилик менен чыгып, жеңишти илип кетүү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө болуп жатканыңар мени абдан кубандырат», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.

Количество просмотров: 2241