• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Акжол Махмудов экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

23 Аяк оона 20230:12 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов атаандашы азербайжандык Санан Сулеймановду утуп, экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду.

77 кг салмакта күч сынашкан Акжол Махмудов жарым финалда жапониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде жеңип, 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган.

Количество просмотров: 174