• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте болушу мүмкүн

8 Бештин айы 2021 16:50 Бишкек Govori.TV

Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (грек-рим күрөшү) Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттеши Бишкекте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу балбан Махмудов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жакында машыктыруучулар менен датасын жана ордун белгилейбиз. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Беттеш Бишкекте болушу мүмкүн. Рома, макулбу? — деп жазган Махмудов.

Кошумчалай кетсек, эки спортчу тең грек-рим күрөшү боюнча эң күчтүү атаандаштык бар делген 77 килограмм салмактын балбандары. 31 жаштагы Роман Власов 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио олимпиада оюндарынын алтын байгесин уткан. Үч жолку дүйнө чемпиону. Ал эми 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын, 2018-жылдагы Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана 2018-жылдагы Азия чемпиону.

Количество просмотров: 350