Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты.
Финалдык беттеште Махмудов ирандык Амин Кавиянинежад менен беттешсе, Шаршенбеков япониялык Аята Сузуки менен кез келет.
Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкөнүн катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат.