• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026
60kg GR — Zholaman Sharshenbekov (KGZ)

Жоламан Шаршенбеков Моңголиядагы рейтингдик турнирде алтын утту

5 Кулжа 202616:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Ulaanbaatar Open эл аралык рейтингдик турниринде алтын медаль багындырды.

Спортчу турнирге 63 килограммга чейинки салмак категориясында катышты.

Алтын медаль үчүн өтүүчү чечүүчү беттеште Жоламан Шаршенбеков үчүнчү айлампадан өзүн утуп кеткен ирандык Мохаммад Кешкар менен кайрадан килем үстүнө чыкмак. Бирок ирандык спортчу алган жаракатына байланыштуу беттешке чыгуудан баш тарткан.

Жыйынтыгында Жоламан Шаршенбеков мелдештин жеңүүчүсү аталып, турнирдин алтын медалын тагынды.

Количество просмотров: 17