Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы экинчи турдун жыйынтыгы менен турнирдик таблицада 1-орунга чыкты.
5-февралда тайпалык этаптын 2-турунун оюндары өтүп, кыргызстандыктар Бахрейнди 29:0 эсебинде утуп алган.
Эки турдун жыйынтыгында кыргызстандык команда 5 упайга ээ болуп, өз тайпасында турнирдик таблицада 1-орунга көтөрүлдү.
Тайпалык этаптын финалдык турунун оюндары 9-февралда өтүп, кыргыз курамасы Сингапур менен ойнойт.