Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун ысымын бүтүндөй бир оорукана эмес, бөлүмгө да ыйгаруу татыксыз деп эсептейт. Бул тууралуу ал Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнүн ачылышында билдирди.
Анын айтымында, Акрамовдун кыргыздарга кылган мамилеси туура эмес болгон.
Эске сала кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри көз микрохирургиялык клиникасынын директору Алмазбек Исманкуловду «лопух» деп атаган.