• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

«Мой лопушок» деп эркелетет… Бейшеналиев өз дарегине айтылган сындарга макул эмес

14 Чын куран 2022 12:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигине транспорт тапшыруу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев да катышты.

Анда министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жаткандыктан, мени кызматымда калтырышат» деген пикирин айтты.

«Болуптур, министрлер кабинети менин ишмердүүлүгүмдү караса, мени өз ордумда калтырат. Себеби, Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жатат. Алар эскертүү же сөгүш айтышат, иштей беребиз. Мени кызматтан четтетип коюшса, менин башка кызматым бар. Кетпейм. Кызматтан бошосо менин кызматым бар – Ахунбаев атындагы клиниканын директору болчумун, ошол жерде операцияларды жасайм. Бул дагы мамлекеттик кызмат», — деди министр.

Мындан тышкары Алымкадыр Бейшеналиев ал жаман сөз колдонбогонун айтты.

«Мындай сөздөрдү айтууга болбойт деп каякта жазылган? Жакшы сөз экен, «мой лопушок» деп деле эркелетет», — деди ал.

Количество просмотров: 345