• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ал циркке барсын». Депутат Байсаловго нааразы болду

9 Бирдин айы 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго нааразы болду.

Анын айтымында, Байсаловдун депутаттардын дарегине айтып жаткан сөздөрү боюнча тартипке чакырып коюу керек.

«Мындай карап көргөндө Эдил Байсалов өлкөдөгү төртүнчү адам. Депутаттарды мыскылдап, шакабалап сүйлөөгө ким уруксат берди. Биз депутатпыз. Бул жерде элдин добушун алып келген өкүлдөр олтурат. Алды 25 миң добуш алса, арты 7 миң добуш алган. Андай кыйын экен депутат болуп келбейт беле. Ал депутаттыкка койсо 100 добуш албайт, эч ким аны сыйлабайт, урматтабайт. «Кылыбыз кыйшайбайт» деп кыйкырып, депутаттарды мазактап жатат. Анын жүрүм-турумун кароо керек. Эдил Байсаловдун деңгээли циркке ылайыктуу, бирок директор болсо, анын ишин да алып кете албайт, андыктан циркке ассистент болушу керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 152