• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ал жардам сурап жатты». Суу түтүгү тартып кеткен жигиттин аты Стас болчу

28 Теке 202115:19 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатында суу түтүгү тартып кеткен жигиттин сүрөтү жарыяланды.

Каргашалуу окуянын күбөлөрү жигит жардам сурап кайрылганы менен эч ким жардам бере албай калганын айтышкан. Маркум Стас болгону 18 жашта болгон.

 «Ал жакта бардыгы эле сүзүп жүрүшкөн. Ал чоң түтүктө эч кандай тосмо же тор жок болчу. Тергөө башталды, бирок бул Стасты бизге кайтарып бере албайт да. Ал жардам сурап айгайлап жатты, биз анын колдорунан тартып, бирок түтүк болбой эле соруп кетти»,-деп жазышкан интернет колдонуучулар.

Эске салсак, 27-июлда аталган пансионаттагы аквапарктын түтүкчөсү 18 жаштагы С.С. аттуу жигитти соруп кеткен. Жерине куткаруучулар, ИИМдин кызматкерлери жана эс алуучулар тартылган. Түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин алып чыгышкан.

Количество просмотров: 2900