«Ала-Арча-1» VIP-шаарчасында «Сайга» куралынан атылган октон жаш жигит көз жумду. Ал өзүнө-өзү ок аткан.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя тууралуу маалымат Аламүдүн РИИБге 10-июлга караган түнү түшкөн. Маркум 2003-жылы туулган Д.А. экени такталды. Маркумдун жанынан «Сайга» куралы да табылган. Азыр тергөө уланып жатат.