• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ала-Арча капчыгайынан буту сынган турист куткарылды

20 Бугу 202411:09 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча капчыгайында бутун кокустатып алган турист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Россиянын 60 жаштагы жараны бутун сындырып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучусу чыгышкан. Куткаруучулар тоодо жабыркаган аялды кол шаймандардын жардамы менен алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Учурда чет өлкөлүк туристтин абалы каанаттандыралык.

Количество просмотров: 98