• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ала-Арча» резиденциясында Данадил Жапаровдун үлпөт тою өттү

27 Тогуздун айы 202511:58 Бишкек Govori.TV

25-октябрда президент Садыр Жапаровдун асырап алган уулу Данадил Жапаровдун үйлөнүү тою №1 мамлекеттик резиденцияда, Ала-Арчада өттү. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигинин өздүк булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, азем чакан чөйрөдө өткөрүлдү. Конокторго уюлдук телефондорду жана жаздыруучу түзүлүштөрдү колдонууга тыюу салынган.

Бул маселе боюнча президенттик администрациядан расмий комментарий берилген жок.

Количество просмотров: 501