• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байтик айылынан «Ала-Арчага» чейин веложол курулууда

21 Чын куран 202616:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Байтик айылынан «Ала-Арча» жаратылыш паркына чейинки веложолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, веложолдун жалпы узундугу 13 чакырымды түзөт. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча веложолдун 4 200 метр аралыгына асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

Ал эми учурда пландалган иштердин негизинде жолдун дагы 4 800 метр тилкесинде жер иштери аткарылып, куруу иштери бекитилген графикке ылайык уланып жатат.

Долбоор аймактын туристтик потенциалын жогорулатууга жана жарандардын активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Количество просмотров: 110