• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан турист изделүүдө

20 Теке 2023 17:09 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан чет элдик жаранды издеп жатышат.

ӨКМден билдиришкендей, 32 жаштагы К.С., аттуу турист 14-июлдан бери дайынсыз болууда. Туугандары ал Ала-Арча капчыгайындагы Семенов — Тянь-Шань чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын айтышкан.

«19-июлда ӨКМдин «Эделвейс» тоодо куткаруу кошуунунан алты куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайында түнөп, бүгүн издөө иштерин улантышууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 105