• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Ала-Арча суусуна кызы менен чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

6 Баш оона 202316:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Ала-Арча паркындагы дарыяга чөгүп кеткен Борис Михайлов аттуу адамдын сөөгү табылды, ал эми анын сегиз жашар кызын издөө уланып жатат. Бул тууралуу кырсыктаган үй-бүлөнүн жакындары кабарлады жана куткаруучулар, издегендер аз болуп жатканын айтып, ыктыярчылардын жардамына муктаж экенин, дрон керектигин билдиришти.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча маалымат бере элек.

Борис Михайлов кызы менен Ала-Арча паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан.

Количество просмотров: 202