• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ала-Арчада курулуп жаткан асма жол сыналууда

28 Бештин айы 202512:51 Бишкек Govori.TV

Ала-Арча жаратылыш паркында курулуп жаткан асма жолду сыноо жүрүп жатат. Көтөрүлүп жаткан айнек кабиналарды, ошондой эле жүргүнчүлөрдү түшүрүү станциясын көрсөткөн видеолор социалдык тармактарда тарады.

Эске салсак, ушул жылдын январь айынын аягында объекттин пайдубалына убакыт капсуласы коюлган. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул долбоордун экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн мааниси чоң экенин белгилеген.

Количество просмотров: 176