Жакынкы айларда Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына автоунаалардын кирүүсү чектелип, туристтерди атайын электромобилдер парктын ичине ташыйт. Бул тууралуу КР Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Мындай тапшырма президент тарабынан берилгенин жана учурда аны ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жаткандыгын ал кошумчалады.
Бул иш жаратылыш паркынын жалпы экологиялык абалын жакшыртуу, машиналардын табиятка тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн жасалат.
Мындан тышкары, жаңыча стилдеги үйлөр жана отель курула турганы да белгилүү болду.
Эс алуучулардын эс ала турган шарттарын жакшыртуу менен бирге, жаратылыштын табигый абалын кадимкидей сактап калып, аны келечек муунга өткөрүп берүү — азыркы учурдагы башкы милдет.