• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Бел жана Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

8 Бештин айы 202511:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-декабрь саат 9:00дөн тартып Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга чейин 7-декабрь саат 21:00дон тарта Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.

Белгилей кетсек, учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдорду тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 97