Бишкек. 10.12.2018.Govori.TV
Бишкек шаарынын Ала-Тоо борбордук аянтында орнотулган, бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр майрамдык балатынын оту жанып, күйгүзүлдү. Салтанаттуу аземге шаар тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Жаңы жылдык балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянды жана 240 метрлик мишура менен кооздолгон.
Балатынын ачылышына эстрада жылдыздары Кайрат Примбердиев, Юлия Русская ж.б ырчылар келип, майрамдык маанай таартуулашты.
Учурда борбордук аянтта кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтүүдө.